> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЦУМдагы ишкер субъекттер 3 миң доллардан ижара акысын төлөшөт, алар ККМ сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар – МСК
- URL: https://im.kg/all/2022/04/22/cumdagy-ishker-subektter-3-mi-dollardan-izhara-akysyn-t-l-sh-t-alar-kkm-satyp-aluuga-m-mk-nch-l-g-bar-msk/
- Published: 2022-04-22T16:52:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:00:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 22-апрелде «Ишеним» фракциясынын [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=XiX1HrSFclo) Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ЦУМдагы ишкер субъекттер тууралуу сөз кылды.**

Жыйында, Улугбек Ормонов Салык кызматы сатып ала турган 10 миң ККМ кандай критерийлер менен кайсы ишкерлерге бекер берилерине кызыкты. 

> «Мисалы, ЦУМдагы ишкерлер 30 чарчы метр жердин ар бир чарчысын 100 доллардан алышат, алар айына 3 миң доллардан ижара акысын төлөшөт. Ошондой ижара төлөгөндөр үчүн 200 долларга ККМ алуу кыйын деле болбосо керек», – деди Абдувапов.

Ошондой эле МСКнын төрагасы 220 млн сомго 10 миң ККМ сатып алууга тендер жарыяланганын жана апрель айынын аягына чейин алынып, ишкерлерге таратылат деген маалыматын айтты.