> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмне үчүн Улуттук банк менен акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу айырмаланып турат? – регулятордун жообу
- URL: https://im.kg/all/2022/04/22/emne-ch-n-uluttuk-bank-menen-akcha-almashtyruuchu-zhajlarda-dollardyn-kursu-ajyrmalanyp-turat-regulyatordun-zhoobu/
- Published: 2022-04-22T15:40:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:15:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк өзү тарабынан жарыяланган чет элдик валюталардын расмий курсу менен банктарда жана акча алмаштыруучу жайлардагы валюта курстарынын ортосундагы айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди.**

**Биринчиден**, чет элдик валютанын расмий курстары **банктар аралык рынокто жүргүзүлгөн валюта аукциондорунун негизинде** эсепке алуу жана эсептешүү максатында Улуттук банк тарабынан аныкталат жана кийинки календардык күндөн тартып күчүнө кирет.

> «АКШ долларынын рыноктук курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктардын нак чет өлкө валютасына болгон учурдагы суроо-талаптын жана сунушунун негизинде белгиленет», – дейт жөнгө салуучу.

**Экинчиден**, КРнын мыйзамдарына ылайык, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат. Башкача айтканда, **накталай акча рыногунда**, ошондой эле банктар аралык валюта рыногунда курстар **чет элдик валютага суроо-талаптын** жана **сунуштун** негизинде белгиленет.

**Үчүнчүдөн,** расмий жана рыноктук курстун ортосундагы айырма дүйнөлүк практика болуп саналат жана эреже катары, эч кандай конкреттүү айырмачылыкка жол берүү түшүнүгү жок. Бул айырма рыноктун ликвиддүүлүгүнүн даражасына, чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулугуна жараша болот жана белгилүү бир кезде өйдө да, ылдый да өзгөрүшү мүмкүн.

##### Кошумча маалымат

АКШ долларынын сомго карата расмий курсу банктар аралык валюта рыногунда бекитилген АКШ долларын сатып алуу-сатуу операцияларынын орточо алынган курсу катары эсептелет. Ал Улуттук банктын автоматташтырылган соода системасы аркылуу кечээки күнкү саат 15:00дөн тарты бүгүнкү саат 15:00гө чейин бекитилет жана кийинки календардык күндөн тартып күчүнө кирет.