> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сырттан 467 млн доллар кредит алынды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/22/sadyr-zhaparov-bijlikke-kelgenden-beri-syrttan-467-mln-dollar-kredit-alyndy/
- Published: 2022-04-22T10:38:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2020-жылдын октябрынан бери кыргыз бийлиги эл аралык өнөктөштөр менен 466.8 млн долларлык кредиттик келишимдерге кол койгон. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

> «2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык өнөктөштөр менен **758.3 млн доллар** суммасында келишимдер түзүлдү, анын **291.5 млн доллары** гранттык каражаттар, **466.8 млн доллары** насыялар», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ошол эле учурда Финансы министрлиги акыркы жылдары 1 млрд долларга кредиттик келишимдерге кол коюлганы тууралуу «социалдык тармактардын айрым колдонуучулары тараткан» деген маалыматты четке какты.

Финансы министрлиги КР **кирешеси аз, өнүгүп келе жаткан өлкө** экенин эске алып, донорлор «өтө жеңилдетилген шарттарда насыя берип жатканын» кошумчалады.

«Белгилей кетүүчү нерсе, каражаттар негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда: жергиликтүү жана эл аралык жолдорду жакшыртууга; энергетика тармагын реформалоо; социалдык мекемелерди куруу, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү; таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ошондой эле республиканын ирригациялык системасын жакшыртууга бөлүнүүдө», – деп билдирди Финансы министрлиги.

> Ошондой эле каржылык жардам өлкөнүн фискалдык жана акча-кредит саясатын колдоо үчүн **бюджеттик колдоо түрүндө** көрсөтүлүп жатканын кошумчалашты.