> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/25/er-b-aravan-kara-suu-rajondorun-taza-suu-menen-kamsyz-kyluuga-deerlik-20-mln-evro-beret/
- Published: 2022-04-25T17:53:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:46:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 19 млн 930 миң евро бөлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.** 

> КР менен ЕРӨБ ортосундагы кредиттик жана гранттык келишимдерге ылайык, бөлүнүүчү **19 млн 930 миң евро** **Араван, Кара-Суу райондорундагы ирригациялык системаларды жакшыртууга жумшалат.** Ош шаарын бойлой кеткен Ак-Буура каналын модернизациялоо жумуштары да аткарылат. 

Бул келишим Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин [отурумунда](https://www.youtube.com/watch?v=9vcJGplrRRk) каралды. 

ЖК депутаты Миргүл Темирбаеванын «Парламент» радиосуна берген маалыматына караганда, бул каражаттын **14 млн 130 миң евросу насыя түрүндө** берилсе, **3 млн 740 евросу грант** болуп эсептелет.

> «Иш кызыкчылыгын илгерилетүүдө консультативдик кызмат көрсөтүүлөр үчүн сырттан келген адистердин 20%ы тартылса, калган 80% адис жергиликтүү тажрыйбалуу кадрлардан турат. Мындай **консультациялык иштерге, техникалык муктаждыктарга долбоордон 2 млн 60 миң евро** бөлүнгөн», – деди депутат. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/2021-06-26_15-55-32_195723.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/2021-06-26%5F15-55-32%5F195723.jpeg)