> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/25/taalatbek-masadykov-prezidenttin-zg-ch-tapshyrmalar-bojuncha-atajyn-k-l-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-04-25T16:38:30.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:36:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

> «Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КРнын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 12-июлда Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Белгилей кетсек, аталган кеңештин төрагалыгы кызматында президент өзү турат.