> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 31-майга чейин бардык соода түйүндөрүндө POS-терминалдар орнотулушу керек – болбосо, 5000 сомго чейин айып пул салынат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/31-majga-chejin-bardyk-sooda-t-j-nd-r-nd-pos-terminaldar-ornotulushu-kerek-bolboso-5000-somgo-chejin-ajyp-pul-salynat/
- Published: 2022-04-26T17:59:15.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:41:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Соода жана тейлөө ишканаларынын өкүлдөрү 31-майга чейин банктын төлөм карталарын же электрондук акчалай төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн керектүү жабдууларды орнотушу керек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Ошондой эле аталган мекеме эгерде соода түйүндөрүндө POS-терминал жок болсо, **жеке жактарга 1000 сом**, **юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынаарын эскертет**.

> «Бүгүнкү күндө санариптештирүү шартында накталай эмес төлөм формасына өтүү ишкерлер үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да пайдалуу, анткени бул коопсуз тейлөө болуп саналат», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги накталай эмес төлөмдөрдү колдонуу менен жасалма банкнотторду кабыл алуу коркунучу азаярын белгиледи.