> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ аркылуу түшкөн бажы кирешеси үчтөн бирге кыскарды – Кыргызстанга 1.5 млрд сом түшпөй калды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/eaeb-arkyluu-t-shk-n-bazhy-kireshesi-cht-n-birge-kyskardy-kyrgyzstanga-1-5-mlrd-som-t-shp-j-kaldy/
- Published: 2022-04-26T12:44:51.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:47:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) түшкөн киреше 28.8%га кыскарып, анын натыйжасында, Кыргызстан 1.5 млрд сом кирешесин жоготкон. Мындай маалыматтар КР Бажы кызматынын билдирүүсүндө атылат.**

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-март айларына карата Финансы министрлиги тарабынан бекитилген бажы төлөмдөрү болжол менен **14.5 млрд сом** өлчөмүндө белгиленген, бул 2021-жылдын ушул мезгилине карата төлөмдөрдөн 1.7 эсеге көп.

Иш жүзүндө, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Бажы кызматы тарабынан **14.2 млрд сом** өлчөмүндө бажы төлөмдөрү түшүп, болжол 98.1%га аткарылган (268.4 млн сом кем), анын ичинде:

- алымсыз (пошлина) бажы төлөмдөрү – 10.6 млрд сом (божомолго караганда +12.7% же +1.2 млрд сом)
- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган алым – 3.6 млрд сом (-28.8% же 1.5 млрд сомго аз түшкөн).