> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом берет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/finansy-ministrligi-kirov-suu-saktagychyndagy-bala-saruu-gesinin-kurulushuna-2-mlrd-som-beret/
- Published: 2022-04-26T13:41:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:01:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Чакан ГЭС» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) Талас районундагы Киров суу сактагычында жаңы чакан «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушун баштоо үчүн алгачкы 2 млрд сомду Финансы министрлигинен алат.**

19-апрелде өткөн «Чакан ГЭСинин» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында «Бала-Саруу ГЭС» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигинен 2 млрд сом өлчөмүндө кредит алуу боюнча макулдашуу жактырылды. 

Акционерлер ошондой эле «Чакан ГЭСинин» башкы директоруна Финансы министрлиги менен кредиттик келишим түзүүгө ыйгарым укук беришти.

> Белгилей кетсек, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду да (ОКӨФ) «Бала-Саруу» ГЭСин курууга **22.9 млн доллар** [берет.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/28/ok-f-bala-saruu-gesin-kuruuga-23-mln-dollar-beret-toluk-karzhylajt/)

Эске салсак, өткөн жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга [капсула салган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/08/29/zalozhena-kapsula-pod-stroitelstvo-ges-bala-saruu-na-kirovskom-vodohranilishhe-foto/). 

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда. 

- «Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу **25 мегаватты** түзөт, үч генераторлуу, орточо **92 млн кВт/с өлчөмүндөгү** электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.