> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөр Кыргызстандын өнөр жайынын 7.3%га өсүүсүнө өбөлгө болду
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/kumt-r-kyrgyzstandyn-n-r-zhajynyn-7-3-ga-s-s-n-b-lg-boldu/
- Published: 2022-04-26T15:47:19.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2022-жылдын январь-март айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.3%га өсүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча 80 млрд 692 млн сомду түздү. Мындай көрсөткүчтөр Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.**

> КРнын өнөр жайы **Кумтөр кенинин эсебинен** жогорку өсүүсүн көрсөттү – кенди эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 58 млрд 316 млн сомду гана түзүп, азыраак өсүш көрсөтмөк (+5.3%).

Электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү 7.2%га, ошондой эле буу менен камсыз кылуу 2.3%га азайгандыктан, электр энергиясы, газ жана буу менен жабдуунун көлөмү 6%га кыскарды.

Суу менен камсыздоонун, тазалоонун, калдыктарды кайра иштетүүнүн жана экинчилик сырьену кайра алуунун көлөмү калдыктарды жыйноонун, кайра иштетүүнүн, жок кылуунун жана экинчилик сырьену кайра алуунун 24.8%га кыскарышынын эсебинен 8.5%га кыскарды.