> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көрдү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/kyrgyzstan-bojuncha-3d-sayakatty-6-mln-adam-k-rd/
- Published: 2022-04-26T18:13:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Маданият министрлигинин сайтынын атайын бөлүмүндөгү Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көргөн. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди.**

> Ал буга чейин Кыргызстан боюнча виртуалдык 3D тур боюнча долбоор башталганын билдирди. «[www.map.tourism.gov.kg](http://www.map.tourism.gov.kg/) сайтында онлайн режиминде өлкөбүздүн ар кайсы жерлерине баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иштеп баштагандан бери сайтка 6 миллионго жакын адам кирген», – деди ал.

Ошондой эле, Маданият министрлиги жыл сайын Кыргызстанга 8 миллионго жакын чет элдик жарандар келерин билдирди. Алардын **30%ы туристтик** максатта келет. Акыркы эки жылда пандемиядан улам туристтердин саны кескин кыскарган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга 3D саякат жасаганга мүмкүн болгон сайт Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен ачылган.