> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Namba One, Codify, Mashina.kg - баасы 1 млн доллардан ашык КРгы ийгиликтүү стартаптардын аты аталды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/namba-one-codify-mashina-kg-baasy-1-mln-dollardan-ashyk-krgy-ijgilikt-startaptardyn-aty-ataldy/
- Published: 2022-04-26T16:45:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:10:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар ондон ашык IT стартаптарды түзүштү жана алардын ар биринин рыноктук баасы 1 млн доллардан ашат. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев CREATE4KG деп аталган Кыргызстандагы биринчи креативдүү индустриялар фестивалында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.**

Министрдин айтымында, рыноктук баасы 1 млн доллардан ашкан ийгиликтүү IT стартаптары төмөндөгүлөр:

- Growave
- Appboxo
- Namba One
- DBillions
- Fitjab
- Codify LMS
- NB Fit
- Reviro
- Mashina.kg

> «Стартаптардын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, эгерде өкмөт бул үчүн зарыл шарттарды жана ошондой эле Жогорку технологиялар паркын түзбөсө, алардын Кыргызстанда иштеши мүмкүн эмес эле», – деди Амангелдиев.