Namba One, Codify, Mashina.kg - баасы 1 млн доллардан ашык КРгы ийгиликтүү стартаптардын аты аталды

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар ондон ашык IT стартаптарды түзүштү жана алардын ар биринин рыноктук баасы 1 млн доллардан ашат. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев CREATE4KG деп аталган Кыргызстандагы биринчи креативдүү индустриялар фестивалында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрдин айтымында, рыноктук баасы 1 млн доллардан ашкан ийгиликтүү IT стартаптары төмөндөгүлөр:

  • Growave
  • Appboxo
  • Namba One
  • DBillions
  • Fitjab
  • Codify LMS
  • NB Fit
  • Reviro
  • Mashina.kg

«Стартаптардын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, эгерде өкмөт бул үчүн зарыл шарттарды жана ошондой эле Жогорку технологиялар паркын түзбөсө, алардын Кыргызстанда иштеши мүмкүн эмес эле», – деди Амангелдиев.