> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сомдук айып пул салды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/26/uluttuk-bank-mikrofinansylyk-ujumdardyn-birine-55-mi-somduk-ajyp-pul-saldy/
- Published: 2022-04-26T17:25:02.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

> «КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде МФУ тарабынан бир эле жакка же ага байланыштуу **адамдардын тобуна берилүүчү каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн** микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды», – деп айтылат билдирүүдө.

Бирок жөнгө салуучу адаттагы эрежеге ылайык, кайсы микрофинансылык уюм экендигин тактаган жок.