> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы 10 күндө күйүүчү майдын литринин баасы 1.6 сомго арзандады
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/akyrky-10-k-nd-k-j-ch-majdyn-litrinin-baasy-1-6-somgo-arzandady/
- Published: 2022-04-27T17:41:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуучу мамлекеттик орган нефтетрейдерлер менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзгөндөн кийин күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) баасынын төмөндөө тенденциясы башталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.**

> «Бүгүнкү күндө 18-апрелге салыштырмалуу КММнын литринин баасы 1.6 сомго чейин арзандады», – деп айтылат маалыматта.

**Red Petroleum** тармагында дизель майы 1.6 сомго, АИ-95 1 сомго арзандады. **Bishkek Petroleum** тармагында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0.6 сомго арзандаган.