> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакыт Шаршеев кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору болуп шайланды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/bakyt-sharsheev-kajradan-manas-el-aralyk-aeroportunun-bashky-direktoru-bolup-shajlandy/
- Published: 2022-04-27T10:54:24.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:56:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттин үлүшү 79%ды түзөт) директорлор кеңеши компаниянын башкармалыгынын курамын шайлады. Бул тууралуу «МАМдын» басма сөз кызматы билдирди.**

Башкармалыктын төрагасы – башкы директор болуп кайрадан **Бакыт Шаршеев** шайланды. Эске салсак, ал бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган.

Ошондой эле **Адилет Малдыбаев, Абдумалик Бусурманкулов, Данияр Кысанов** жана **Бахтияр Турсунбаев** кеңештин мүчөлөрү болуп шайланды.

Белгилей кетсек, жакында эле **Адилет Малдыбаев** «Манас» аэропортунун жетекчисинин жаңы орун басары болуп дайындалган эле.