> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/chakan-ges-aak-gidroelektrostanciyalardy-modernizaciyaloogo-er-bd-n-18-5-mln-evro-alat/
- Published: 2022-04-27T14:33:27.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:12:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Чакан ГЭС» ААК Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен алдын ала каржылоого макулдашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Долбоордун алкагында «Чакан ГЭС» ААК курамындагы гидроэлектростанцияларды: Лебединовка ГЭСи, ГЭС-1, ГЭС-2 жана кичи Аламедин ГЭСин модернизациялоо макулдашылган. Ошону менен бирге, макулдашуунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеме түзүү каралган.

> «Долбоорго ЕРӨБдөн болжолдуу түрдө **18.5 млн еврого** чейин инвестиция тартылышы күтүлүүдө. Анын ичинде, болжол менен жеңилдетилген насыя **грант катарында 6.5 млн еврого** чейин, модернизациялоо жана долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер **12 млн евро** деп каралган.

Бирок 6.5 млн еврого чейинки грант катарындагы каржылоо макулдашуудан кийин так билинет. Тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашырууга керектеле турган жогорудагы алдын ала каражат техникалык-экономикалык негиздеме деталдуу түзүлгөндөн кийин билинет жана каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлат.

> Долбоордунмөөнөтү 15 жыл, 3 жыл жеңилдетилген мезгил, 12 жыл карыздын негизги өлчөмүн кайтаруу мезгили катары каралган», – деп айтылат маалыматта.

Бул долбоордун алкагында жогоруда айтылган ГЭСтердин гидротехникалык курулмаларын, имараттарын реконструкциялоо (оңдоо/калыбына келтирүү) жана көмөкчү гидромеханикалык жабдууларын модернизациялоо, электр жабдууларын жана башкаруу жана коргоо чынжырларын алмаштырууну иштери жүргүзүлмөкчү.

Долбоордун негизги максаты – гидроэлектростанциялардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, эксплуатациялык чыгымдарды 50%га азайтуу, станциялардын пайдалануу мөөнөтүн 35-40 жылга узартуу, кубаттуулукту 3.2 МВтга көбөйтүү пландалган.

Станциялардын суу агымын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгуунун кошумча 20% өсүшү күтүлөт.