> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/prezident-ysyk-k-ld-n-es-aluuchu-zhajlarynyn-eelerin-tapkan-karazhatyn-sarkyndy-suu-tazaloochu-zhaj-saluuga-nd-d/
- Published: 2022-04-27T16:08:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:17:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент садыр Жапаров Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында [билдирди](https://www.facebook.com/japarov.sadyr/posts/2119172068257711).**

Президент кечээ дагы бир Жарлыкка кол койгонун айтты.

> «Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, **алардын иштөөсүнө тыюу салынат**. Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла! 

> Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп, бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. Бул боюнча Мамкурулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет», – деди Жапаров.

Эскерте кетсек, [Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо, иштөөгө тыюу салынаары](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/27/ysyk-k-ld-g-pansionattardyn-es-aluu-jl-r-n-n-mejmankanalardyn-tazaloochu-kurulmalary-bolboso-isht-g-tyjuu-salynat/) тууралуу жарлыкка кол коюлган.