> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соода жана кызмат түйүндөрү кандай ККМди колдонуш керек? – бир катар ченемдер иштелип чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/sooda-zhana-kyzmat-t-j-nd-r-kandaj-kkmdi-koldonush-kerek-bir-katar-chenemder-ishtelip-chykty/
- Published: 2022-04-27T10:27:06.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин токтому менен контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынганын МСКнын маалымат кызматы кабарлады.**

Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруунун алкагында Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган ККМдер 2022-жылдын 1-январынан тартып, техникалык талаптарды сактоо жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга жатат.

Мында аппараттык ККМдин маалыматтары субъектке же андан кийин субъектке сатуу үчүн башка жакка сатууга чейин техникалык талаптарга ылайык жол-жоболордон өтүүгө тийиш.

- 2022-жылдын 1-майынан тартып Фискалдык модуль менен иштөө функциясы бар ККМге карата жаңы техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ каттоодон өткөрүлбөйт
- 2022-жылдын 1-августунан тартып МСКга берилген кассалык чектерде милдеттүү тартипте товарлардын идентификациялоочу каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) чагылдырылууга тийиш
- мурда МСКнын системаларында катталган ККМди колдонуучу субъекттер 2022-жылдын 31-декабрына чейин аларды колдонууга укуктуу
- алдын ала төлөө (аванс) жана кийин төлөө (кредит) сыяктуу эсептешүүнүн түрлөрү менен кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке жана ККМге карата талаптар 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

> Мындан тышкары, соода (вендинг) автоматтарында жана кызмат көрсөтүү автоматтарында автоматтык окууга жарактуу кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ орнотулушу керек.

Ошондой эле сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти бербестен субъекттин ишин автоматташтырууга арналган программалык камсыздоону жана/же программалык-аппараттык комплекстерди колдонуу менен басылып чыккан товардык чектерди берүүгө тыюу салынат.