> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/toktogul-gesindegi-t-rt-nch-gidroagregat-avgust-ajynda-ishke-kiret/
- Published: 2022-04-27T13:18:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламентте өткөн жыйында билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.**

Жыйында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кундузбек Сулайманов ГЭСти ишке киргизүү мөөнөтүнө кызыккан.

> «Тилек Айталиев учурда сыноо иштери жүрүп жатканын жана ГЭС 2-августта ишке кирерин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Талкуунун жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу боюнча ишин канааттандырарлык деп табышты.