> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жашыл климат фонду Кыргызстанга жайыттарды жана токойлорду калыбына келтирүүгө дээрлик 30 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/zhashyl-klimat-fondu-kyrgyzstanga-zhajyttardy-zhana-tokojlordu-kalybyna-keltir-g-deerlik-30-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-04-27T10:38:02.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:53:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «КРда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү долбоордук макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, жактырылды.**

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов белгилегендей, аталган долбоордук макулдашууга токойлорго жана жайыт жерлерине климаттык инвестицияларга колдоо көрсөтүү жолу менен көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу максатында кол коюлган. 

> 2019-жылдын ноябрь айында Жашыл климаттык фонду тарабынан грант түрүндөгү **29.9 млн долларлык** **«**КРда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо**»** долбоору жактырылган. Ал эми **долбоордун аткаруу мөөнөтү 8 жыл** деп белгиленген.

Долбоордук макулдашууну ишке ашыруу токой экосистемаларын өнүктүрүүгө жана республиканын жер ресурстарын, анын ичинде жайыттарды жакшыртууга багытталган.

 Ошондой эле долбоор боюнча консультацияларга **2 млн 318 миң АКШ долларын бөлүү** пландалып жатканы айтылды.