> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖК КР Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/zhk-kr-tyshky-ishter-ministri-kyzmatyna-zheenbek-kulubaevdi-dajyndoogo-makulduk-berdi/
- Published: 2022-04-27T12:29:23.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:52:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-апрелдеги жыйынында Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берүү чечимин кабыл алды.** 

> Кулубаевдин талапкерлигин 71 депутат бир добуштан колдоду. 

Талкууда депуаттар Жүк-200дү жеткирүүнү жеңилдетүү, «кара тизмедеги» мигранттар, авиакаттамдар, инвестиция тартуу жана чек арага байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Белгилей кетсек, 59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.