> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңеште кенден чыккан алтынга 30% мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/27/zhogorku-ke-eshte-kenden-chykkan-altynga-30-mamlekettin-l-sh-n-kirgiz-bojuncha-myjzam-dolbooru-karaldy/
- Published: 2022-04-27T15:33:16.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:51:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=92TuLytL-x0) Кыргызстандын аймагындагы кенден чыккан алтындын 30%на мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды.**

Жыйында баяндама жасаган Марлен Маматалиевдин айтымында, кен иштеткен компаниялар салык төлөшөт, фонддорду түзүшөт, соцжардамдарды беришет, бирок мамлекетке алтын калбай жатат.

> «Биринчиси, аукцион өтөбү, конкурс өтөбү, алтындын 30% Кыргызстанга калсын деп жатабыз. Экинчиси, комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин, ЖКнын өкүлдөрү, эксперт-консультанттар да кирсин.

> Мисалы, биз ушул мыйзамды эртерээк кабыл алганда, 100 тонна алтындын запасы болгон Жерүйдөн бизге жок дегенде 1 млрд доллар калат эле. Эгерде Кумтөрдөн башынан баштап алганда, 40 млрд доллар калмак», – деди ал.

Ошондой эле Маматалиев комбинаттан эмес, кенден чыккан продукцияга карата 30% экенин жана эгер мыйзам экинчи, үчүнчү окууда каралып, кабыл алынса жаңы түзүлгөн келишимдерге карата күчүндө болоорун кошумчалап өттү. 

Белгилей кетсек, «КРнын айрым мыйзам актыларына *(«Жер казынасы жөнүндө» «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамдарга)* өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө*»* Мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилди.