> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар
- URL: https://im.kg/all/2022/04/28/180-mi-den-ashyk-salyk-t-l-ch-n-n-salyk-karyzy-bar/
- Published: 2022-04-28T10:03:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн таанылган салык карызы, ошондой эле 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

> Мыйзамга ылайык, **2022-жылдын 1-июлуна карата** салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча **карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр** **үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100%га**  жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. Реструктуризациялоого 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.