> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/28/2021-zhyly-kamsyzdandyruu-kompaniyalarynyn-kiresheleri-8-7-ga-azajdy/
- Published: 2022-04-28T10:56:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу 8.7% азайды жана 1.6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

> 2021-жылы республиканын финансы секторунда **14** камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүшкөн.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 9.1% кыскарды жана 1.3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 35% ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга жана 30% ашыгы кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга туура келген.

> Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 257 млн сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынган, бул 2020-жылга караганда **18.2 млн сомго аз**.

2021-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 266 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2020-жылга салыштырганда 1.7 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 88% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келген.

Ошондой эле **ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө** түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик **70%** туура келди.