> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК
- URL: https://im.kg/all/2022/04/28/altyn-ken-zhchk-mamleketke-deerlik-150-mln-somduk-zyyan-keltirgen-ukmk/
- Published: 2022-04-28T11:56:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасын аныктаганын билдирди.**

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан **«Алтын-Кен» ЖЧК жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу** тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик **бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн** Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып коюлган.

> «Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы **149 млн 585 миң сомдук зыян** келтирилгени аныкталып, 2022-жылдын апрель айында «Алтын-Кен» ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Талды-Булак Сол жээк алтын кенин кыргыз-кытай «Алтын-Кен» компаниясы (40% **«**Кыргызалтынга**»**, 60% кытайлык Superb Pacific Limited компаниясына таандык) иштетет.