> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган
- URL: https://im.kg/all/2022/04/28/biznes-klass-menen-uchuu-syj-akylar-ekonomika-ministrliginde-deerlik-1-mlrd-som-racionalduu-emes-koldonulgan/
- Published: 2022-04-28T11:08:17.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:20:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Экономика жана коммерция министрлигинин ишине натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити тууралуу отчётту карап, бекитти.**

«Аудиттин жүрүшүндө төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталды: 128.6 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер болгон.

> Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, мурунку аудиттин сунуштарына карабастан, **бизнес-класстагы авиабилеттерди сатып алууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга** жол берилген, бул эконом-класстын билетинин баасынан 152.8 миң сомго ашкан», – деп айтылат маалыматта.

Ведомствого караштуу Региондор аралык башкармалык мекемесинде «Эмгек акы» беренеси боюнча чыгымдар сметасы менен төрт кызматкерге бир жолку сый акы жана материалдык жардам акча каражаттары негизсиз төлөнгөн.

> Мындан тышкары, 2019-жылы – **581.2 миң сом** жана 2020-жылы – **330.6 миң сом** суммасында сый акылар негизсиз төлөнгөн.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө сунуштамалар жөнөтүлдү.