> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/28/uluttuk-bank-dollardyn-kursunun-jd-t-m-n-zg-r-s-n-n-sebebin-t-sh-nd-rd/
- Published: 2022-04-28T13:13:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн секириктеринин себебин түшүндүрдү.**

> «Азыркы учурда биздин өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курс режими иштейт, башкача айтканда **валюта курсу чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунуш менен аныкталат**. Бул жагынан алганда, белгилүү бир убакыттын ичинде курсу өсүшү да, төмөндөшү да мүмкүн. Бул режим үчүн курстун күнүмдүк өзгөрүшү нормалдуу деп эсептелет.

> Акыркы убакта ички валюта рыногунда АКШ долларынын курсунун өзгөрүшү **дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен тышкы финансы рынокторундагы белгисиздикке, ошондой эле ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун пайда болушуна** көбүрөөк байланыштуу», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда тиешелүү операцияларды жүргүзүп тураарын айтат.