> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айлык акыны көбөйткөндөн улам бюджеттен апрель айында 7.1 млрд сом сарпталды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/29/ajlyk-akyny-k-b-jtk-nd-n-ulam-bjudzhetten-aprel-ajynda-7-1-mlrd-som-sarptaldy/
- Published: 2022-04-29T13:43:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Социалдык кызматкерлердин (билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлер) эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылдын апрель айына эмгек акыларды жана Соцфондго чегерүүлөрдү төлөө боюнча финансылык план 7190.7 млрд сом суммасында каралган.**

Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак, министрликтерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн :

- Билим берүү жана илим министрлигине **4 930.9 млрд сом**
- Маданият, маалымат жана спорт министрлиги **383 млн сом**
- Саламаттык сактоо министрлиги 183.3 млн сом жана ММК фонду **1265.1 млрд сом**
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги **125.4 млн сом.**

Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганга чейин 2022-жылдын январь-март айларында орточо айлык муктаждыгы 3 566.7 млрд сом болсо, апрель айында бул 2 эсеге өскөн.