> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет – «Кепилдик фонд»
- URL: https://im.kg/all/2022/04/29/berilgen-mamlekettik-kepildikterdin-cht-n-bir-b-l-g-ayaldardyn-ishkerdigine-tuura-kelet-kepildik-fond/
- Published: 2022-04-29T14:09:08.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:13:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коммерциялык банктардан кредит алуу үчүн берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет. Мындай маалыматты Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди.**

Фонд белгилегендей, «Кепилдик фонд» иштеген бардык мезгил ичинде дээрлик **3.6 млрд сом суммасында 2.5 миң кепилдик** берилген. Бул кепилдиктердин алкагында фонддун өнөктөш банктары 12 млрд сомдон ашык суммадагы бизнес кредиттерин бекитишкен.

> «Кепилдик фонду» тарабынан аялдардын ишкердигине берилген кепилдиктердин суммасы 1 млрд сомго жакын болгон, же мамлекеттик кепилдиктердин жалпы суммасынын **27%ын** түзгөн. Өз кезегинде өнөктөш банктар 3.2 млрд сомдон ашык суммада насыя беришкен.

Жалпысынан фонддун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ишкерлерге **770 кепилдик** берилген, бул бардык берилген 2490 кепилдиктин **31%ын** түзгөнүн аталган мекемеден билдиришти. 

Кепилдик фонду ошондой эле фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде 3570 жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн, анын ичинен **1510 (42%) аялдар** экенин билдирди. Ошондой эле 15 770 жумуш орунун, анын ичинен 5 464 (35%) аялдар иштеген жумуш орундарына колдоо көрсөткөн.