> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 3000ге жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/29/kyrgyzstanda-3000ge-zhakyn-ishker-bjudzhetke-salyktyk-t-sh-l-rd-n-negizgi-b-l-g-n-kamsyzdajt/
- Published: 2022-04-29T12:34:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.**

Жолугушууда Төрөбаев өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бизнестин маанилүү ролун белгиледи.

> «Бизнес – өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү локомотив болуп саналат. Кыргызстанда **2896га жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт**. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө ишкерлердин көлөмдүү салымы бар жана өлкө жетекчилиги муну жакшы түшүнөт. 

> Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишкерлер менен чоң жыйын өткөрүү сунушталууда. Биз бизнес менен биргеликте форум ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшү үчүн жолугушуунун форматын талкуулагыбыз келет», – деди Бакыт Төрөбаев. 

Бизнес-ассоциациялар мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү бере турган бир катар сунуштарды киргизди. Ошондой эле кеңешме алкагында бизнес-форумду уюштуруу жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.