> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарындагы Батыш РЭТинин курулушу сентябрда аяктайт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/29/osh-shaaryndagy-batysh-retinin-kurulushu-sentyabrda-ayaktajt/
- Published: 2022-04-29T15:54:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министри Доскул Бекмурзаев түштүк жергесине болгон иш сапарында Ош шаарына курулуп жаткан Батыш райондук электр тармагынын (РЭТ) имаратына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Райондук электр тармактарынын жаңы имараты Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Ош шаарынын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу максатында курулат. Анда Доскул Бекмурзаев 8-февралда мамлекет башчысынын катышуусунда Бишкек шаарындагы Түндүк РЭТинин ачылышы болгонун билдирди.

> «Мындай объектилердин курулушу Кыргызстандын энергетикасы өнүгүү жолунда бара жаткандыгын жана ошондой эле анын мамлекетибиздин экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизи болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдейт. Ал үчүн бизде баары: элдин колдоосу, көрө билүүсү жана өлкө жетекчилигин дарамети жетиштүү», – деди министр.

Ошондой эле ал Батыш РЭТинин курулушу **үстүбүздөгү жылдын 31-августунда аягына чыгарыларын** билдирди. Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 1967-жылы курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ-osh-1024x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ-osh.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ.osh1-1024x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ.osh1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ-osh2-1024x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ-osh2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ-osh3-1024x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/energ-osh3.jpg)