> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк-Чыгыш» бажысы 9.3 млн сомдук укук бузуу ишин аныктады
- URL: https://im.kg/all/2022/04/29/t-nd-k-chygysh-bazhysy-9-3-mln-somduk-ukuk-buzuu-ishin-anyktashty/
- Published: 2022-04-29T16:30:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери 9.3 млн сомдук бажылык укук бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери «Г.К.П.З.» ЖЧКсы 2017-жылдын июнунан 2021-жылдын март айын кошуп **ар түрдүү техниканы жана транспорт каражаттарын КНСти төлөөдөн бошотуу** менен бажылык жактан негизги каражаттар катары таризделгенин аныкташты. 

Техниканы жана транспорт каражаттарды максаттуу колдонууга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө, жогоруда аталган ЖЧК 01.01.2022-жылдан тарта өз ишмердигин токтотуп, бажы декларациясын тиешелүү түрдө оңдобостон жана бажыга байланыштуу төлөмдөрдү төлөбөстөн жокко чыгаруу процедурасын баштаганы аныкталган.

> Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бошотулган КНСтин жалпы суммасы **9.3 млн сомду** түздү. Бул факт ББР МЭЖ АМСта катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген