> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги «Манас айылы» комплекси реконструкцияланат – долбоор президентке сунушталды (СҮРӨТ)
- URL: https://im.kg/all/2022/04/30/bishkektegi-manas-ajyly-kompleksi-rekonstrukciyalanat-dolboor-prezidentke-sunushtaldy-s-r-t/
- Published: 2022-04-30T10:49:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:28:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенти Садыр Жапаров кечээ, 29-апрелде, «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекет башчысы интервьюларынын биринде жакынкы арада комплекстин реконструкциясы болорун, анткени анын азыркы абалы өтө начар абалда экенин белгилеген.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manas-ajyly-1.jpg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manas-ajyly.jpg)

Президент архитекторлорго кайрылып, бул иштердин долбооруна ар тараптан ойлонуштурулган мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.

> Маалым болгондой, долбоордо «Манас айылы» комплексин реконструкциялоо анын **аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүүнү** карайт. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган **3 кабаттуу боз үй куруу** пландалууда. Ошондой эле, комплекстин аймагына «Манас» театры менен «Манас» музейин жайгаштыруу пландалууда.

Мындан тышкары, долбоордун идеяларынын бирине ылайык, комплекстин конокторуна улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрө алышат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manasajyly1-1024x637.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manasajyly1-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manas-ajyly2-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manas-ajyly2-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manas-ajyly3-1024x605.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/manas-ajyly3-scaled.jpg)

> «Жапаров долбоорду канааттануу менен баалап, курулуш иштерин тез арада баштоону тапшырды. Мындан тышкары, комплексти стандартка ылайык сапаттуу куруу жана мында келгендерге көбүрөөк ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди», – дейт президенттин басма сөз кызматы.