> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас облусуна сейрек кездешүүчү маралдарды алып келишти – «Альянс Алтын» ишканасы 2.5 млн сом бөлдү (ВИДЕО)
- URL: https://im.kg/all/2022/05/02/talas-oblusuna-sejrek-kezdesh-ch-maraldardy-alyp-kelishti-alyans-altyn-ishkanasy-2-5-mln-som-b-ld-video/
- Published: 2022-05-02T13:25:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:36:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Талас облусуна Алтайдан 35 марал алып келишти. «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн «Бакубат Талас» фонду сейрек кездешүүчү жаныбарларды сатып алууга 2.5 млн сом бөлдү.**

> «Акыркы жылдары бул жаныбарлардын саны азайып кеткендигине байланыштуу **Талас районундагы Беш-Таш коругуна** кое берилди. Илимдер академиясы Талас районундагы маралдарды багуу боюнча корутундусун чыгарды, эми 20 күндөн кийин жашоочулар маралдарды көрө алышат», – деп билдирди «Альянс Алтын» компаниясынан.

Долбоор президенттин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгы менен ишке ашырылып, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгына колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылган.

> «Альянс Алтын» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларына өзгөчө көңүл бурат жана марал сатып алуу компаниянын бул багыттагы иштеринин бири», – деп белгилешти компаниядан.

Ошондой эле белгилей кетсек, учурда Жерүйдө балык өстүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн суу ресурстарынын сапаты изилденип жатат. Талас районунун дарыяларында көп жылдардан бери биринчи жолу [балык кайрадан өстүрүлөт](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/19/zher-jd-k-p-zhyldardan-beri-birinchi-zholu-kajradan-balyk-st-r-n-plandap-zhatyshat/).