> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 16-майдан баштап КРнын жарандарынын Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/06/16-majdan-bashtap-krnyn-zharandarynyn-rossiyaga-kir-s-n-kojulgan-chekt-l-r-alynyp-salynat/
- Published: 2022-05-06T10:29:46.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:01:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 16-майынан тартып КРнын жарандары үчүн Россияга кирүүгө, ошондой эле Россиянын жарандарынын КРга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен РФнын өкмөтү кабыл алды. 

> Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.