> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулады. Бюджеттен 7.1 млрд сом кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/05/06/309-mi-bjudzhettik-kyzmatkerdin-mayanasy-zhogorulady-bjudzhetten-7-1-mlrd-som-ketti/
- Published: 2022-05-06T13:14:09.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Апрель айында билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын кызматкерлеринин маянасы жогорулады жана ага бюджеттен 7.1 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.** 

Өлкө боюнча 309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулатылды. 

> 2022-жылдын апрель айына эмгек акыларды жана Соцфондго чегерүүлөрдү төлөө боюнча финансылык план 7190.7 млрд сом суммасында каралган.

Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак, министрликтерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн :

- Билим берүү жана илим министрлигине **4 930.9 млрд сом**
- Маданият, маалымат жана спорт министрлиги **383 млн сом**
- Саламаттык сактоо министрлиги 183.3 млн сом жана ММК фонду **1265.1 млрд сом**
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги **125.4 млн сом.**

Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганга чейин 2022-жылдын январь-март айларында орточо айлык муктаждыгы 3 566.7 млрд сом болсо, апрель айында бул 2 эсеге өскөн.