> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузак: селден тазалоого 2000 адам тартылды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/06/suzak-selden-tazaloogo-2000-adam-tartyldy/
- Published: 2022-05-06T20:55:09.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сузак районунда селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн 2000ден ашуун кызматкер, 47 техника жана 27 мотопомпа тазалоого тартылды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы [билдирди](https://www.facebook.com/mchs.gov.kg/videos/535613594725020/).** 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:

- 211 кызматкер
- 11 оор инженердик техника
- 19 мотопомпа.

Жарандык коргонуу кызматтарынан:

- 325 кызматкер
- айыл аймак жана мекеме, ишканалардан – 429 кызматкер
- 34 техника жана 18 мотопомпа
- Жергиликтүү тургундардан – 862 адам.

Кошумча: 

- «Кыргызнефтегаз» – 5 асинизатор (суу соргуч)
- жеке ишкерлер 4 асинизатор (суу соргуч)
- Коргоо министрлигинен бөлүктөрүнөн 100 кызматкер
- ИИМдин Ички аскерлеринен жана Жазык аткаруу кызматынан жалпы 85 кызматкер тартылды.

Эскерте кетсек, 4-май күнү болжол менен саат 22:50лөр чамасында кыска мөөнөттө жаап ѳткѳн жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын Миң-Өрүк, Жаңы-Айыл, Төөлөс, Таштак, Комсомол, Чөкө-Дөбө, Чокмор, Осмонов, Кара-Жыгач, Түрк-Абад жана Кызыл-Багыш айылдарындагы турак үйлөргө кокту-колоттон түшкөн сел суулары каптап, айрым турак үйлөр авариялык абалга келген.