> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Унаа тыгынын азайтуу максатында Бишкек мэриясы кээ бир жолдорду кеңейтет – тизмеси
- URL: https://im.kg/all/2022/05/06/unaa-tygynyn-azajtuu-maksatynda-bishkek-meriyasy-kee-bir-zholdordu-ke-ejtet-tizmesi/
- Published: 2022-05-06T15:30:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:42:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын сайтында айтылат.**

Курулуш иштери Ч. Айтматов – Горький көчөлөрү, Байтик-Баатыр –Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Манас/Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген. Учурда Л.Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.

> «Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлорду (ЖПР) орнотобуз», – деп айтылат билдирүүдө.