> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк азык-түлүк программасы КРда долбоорлорун каржылоону 7.4 млрд сомго чейин көбөйтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/10/d-jn-l-k-azyk-t-l-k-programmasy-krda-dolboorlorun-karzhyloonu-7-4-mlrd-somgo-chejin-k-b-jt-t/
- Published: 2022-05-10T10:25:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:37:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) Кыргызстандагы долбоорлорун каржылоону 90 млн долларга (7.4 млрд сомго) жеткирүүнү көздөөдө.**

Мындай маалыматты Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кодзиро Накай КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен болгон жолугушууда билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча директордун айтымында, учурда уюм БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2023-2027-жылдарга карата КРдагы стратегиялык планынын долбоорун иштеп чыгууда жана анын алкагында өлкөдөгү программаларды каржылоону **90 млн долларга** чейин көбөйтүү пландаштырылууда.