> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгемендүүлүктүн символу – кыргыз сому бүгүн 29 жашка толду
- URL: https://im.kg/all/2022/05/10/egemend-l-kt-n-simvolu-kyrgyz-somu-b-g-n-29-zhashka-toldu/
- Published: 2022-05-10T15:57:08.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 10-майда КРнын улуттук валютасы – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 29 жыл толду. Бул күнү Кыргызстанда расмий түрдө Улуттук валюта күнү жана банкирлердин кесиптик майрамы – Банк кызматкерлеринин күнү белгиленет.**

Улуттук валюта – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү чечими 1993-жылдын 3-майында КРнын Жогорку Кеңешинин токтому менен кабыл алынып, ошол эле жылдын **10-майында** бүткүл өлкө боюнча сом расмий төлөм каражаты болуп калган. 

> КРнын Улуттук банкы 1993-жылдын 10-майынан 15-майына чейин 1, 5 жана 20 сом номиналындагы I сериядагы банкнотторду, ошондой эле 1, 10 жана 50 тыйындык номиналдагы акчаны жүгүртүүгө чыгарган. Коммерциялык банктарда, Сбербанктын филиалдарында жана ишканаларында алмашуу бюролору ачылган. **1993-жылы 14-майда кечки саат 18:00дөн баштап, сом Кыргызстандын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты** болуп киргизилген.

Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан кийин мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өз валютасын жүгүртүүгө киргизген.

> 29 жылдан бери кыргыз сому көз карандысыз акча-кредит саясатынын негизги куралы гана болбостон, **эгемендүү мамлекеттин көз карандысыздыгынын ажырагыс символу** болуп калды.