> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Газпром-Кыргызстан» мектебин Россияга өткөрүп берүүнү көздөшүүдө, Бишкек мэриясы аны күтүүгө алы жетпейт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/10/gazprom-kyrgyzstan-mektebin-rossiyaga-tk-r-p-ber-n-k-zd-sh-d-bishkek-meriyasy-any-karmaganga-aly-zhok/
- Published: 2022-05-10T20:30:24.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:11:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети Бишкектеги «Газпром-Кыргызстан» мектебин бекер пайдаланууга берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргенин [24.kg](https://24.kg/vlast/233058%5Fmeriya%5Fbishkeka%5Fnemojet%5Fsoderjat%5Fshkolu%5Fgazprom-kyirgyizstan%5Feeperedadutrf%5F/?fbclid=IwAR3hs0VZsjaiQAJVzqmw5GVQjc835t3Q-vhHGC-cdGPvoviG-dPe%5FzLG5vE) жазып чыкты.**

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюу ниетинде турушат.

> «Мектеп чоң, аны кармоого мэриянын акчасы жок, андыктан биз макул болдук. Россия башка аймактарда дагы мектептерди курууну көздөп жаткандыктан, келишимге кол коюуну сунуштады», – деди ал.

Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, «Газпром-Кыргызстан» ижара акысын төлөөдөн баш тартпайт.

> «Ижара келишими ушул жылдын август айында аяктайт. Алар жылына 22 млн сомдон ижара акысын төлөшөт. Мектептин имараты мэриянын балансында турат», – деп түшүндүрдү вице-мэр.