> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Түндүк электр» чыгымдарын жапты, эми мамлекетке дивиденд берүүгө даяр
- URL: https://im.kg/all/2022/05/10/t-nd-k-elektr-chygymdaryn-zhapty-emi-mamleketke-dividend-ber-g-dayar/
- Published: 2022-05-10T10:35:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түндүк электр» бөлүштүрүү компаниясы 2021-жылы чыгымдарын калыбына келтирип, 242 млн сом таза киреше тапкан. Бул тууралуу маалымат компаниянын каржылык отчетунда айтылат.**

Белгилей кетсек, 2020-жылы «Түндүк электр» ААК **473.5 млн сом чыгашага учураган** болчу. 

2021-жылдын кирешеси акционерлердин 26-апрелдеги чечимине ылайык экиге бөлүнөт. Каражаттын көбү **(75%)** компанияны өнүктүрүүгө калат, ал эми калган **25%** акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Эскерте кетсек, акциялардын басымдуу бөлүгүнө мамлекет ээлик кылат.