> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк «Элкарт» улуттук төлөм системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ийгиликтүү деп тапты – эми кредит карталары ишке кирет
- URL: https://im.kg/all/2022/05/10/uluttuk-bank-elkart-uluttuk-t-l-m-sistemasyn-testirl-n-n-zhyjyntygynda-ijgilikt-dep-tapty/
- Published: 2022-05-10T16:34:54.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын кредиттик карталары пайда болот. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.**

КРнын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен «М Булак» МКК ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, 2020-жылдан 28-октябрынан тартып 2022-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында, жүргүзүлгөн тестирлөө банк операцияларынын төмөнкү чектелген тизмесин жүргүзүү боюнча ийгиликтүү деп табылды: 

- нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карттарын чыгаруу
- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын «М Булак» МКК POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.

Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК үчүн 2022-жылдын 1-майынан 2022-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды. 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары болуп, «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК эсептелет.