> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июль айында социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/11/ijul-ajynda-socialdyk-zh-l-kpuldardyn-lch-m-k-b-j-t/
- Published: 2022-05-11T15:18:19.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Июль айынан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги адамдык өнүгүү форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.**

Жапаров сүйлөгөн сөзүндө билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлгөнүн айтып жана ү**стүбүздөгү жылдын июль айында социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөрүн** кошумчалады.

> «Биз жаш өлкө катары келечегибизге инвестиция салышыбыз керек. Өлкө өз элине канчалык көп инвестиция салса, анын ордуна ошончолук көп акча алат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектепке чейинки билим берүүгө жумшалган кошумча 1 доллар эле улуттук экономикага 6 доллардан 17 долларга чейин киреше алып келет.

> Балдарыбыз мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин сүйлөй тургандай жыйынтыктарга жетүүнү каалайбыз. Биздин балдар дүйнө жүзү боюнча жумушка орношуп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Буга жетишүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз» – деди ал. 

Белгилей кетсек, форумду Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу уюштурган.