> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк-Түштүк жолунун кээ бир бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/all/2022/05/11/t-nd-k-t-sht-k-zholunun-kee-bir-b-l-g-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2022-05-11T13:43:08.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**11-майдан 18-майга чейин Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү (195-чакырым – 291-чакырым) убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кызматы билдирди.**

> Министрлик жолдун бул тилкесинде сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-майдан 14-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен болчу.

Транспорт министрлиги жогоруда айтылган жол тилкесинде селден жана жер көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзөт.