> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 18.1 млрд сом сарпталды
- URL: https://im.kg/all/2022/05/11/yanvar-aprel-ajlarynda-pensiya-zhana-zh-l-kpulga-18-1-mlrd-som-sarptaldy/
- Published: 2022-05-11T15:26:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 18 млрд 167.6 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.**

> Эң көп пенсия менен жөлөк пул алуучулар Ош менен Жалал-Абад облустарында жана бул калктын жыштыгы менен түшүндүрүлөт.

**Анын ичинен:**

- Бишкек шаары — 2 млрд 917.1 млн сом
- Чуй облусу — 2 млрд 755.2 млн сом
- Нарын облусу — 1 млрд 444.5 млн сом
- Иссык-Көл облулусу — 1 млрд 655.7 млн сом
- Талас облусу — 754.5 млн сом
- Ош шаары — 651.6 млн сом
- Ош облусу — **3 млрд 339.2 млн сом**
- Баткен облусу — 1 млрд 516.5 млн сом
- Жалал-Абад облусу — **3 млрд 133.3 млн сом.**

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын апрель айына 4 млрд 592.3 млн сомду түзгөн.