> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 13-14-май күндөрү Чолпон-Атада туристтик сезонго карата жарманке өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/12/13-14-maj-k-nd-r-cholpon-atada-turisttik-sezongo-karata-zharmanke-t-t/
- Published: 2022-05-12T10:27:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**13-14-май күндөрү Чолпон-Атада туристтик сезонго карата эл аралык көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.**

Жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» борборунда өтөт. Ага 200дөй компания катышат жана облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат.

> Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты 13-майда саат 18.00дө өлкө жетекчилигинин катышуусунда болот. Ошондой эле иш-чаранын ачылыш аземи оюн-зоок программалары менен коштолмокчу.