> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги 17.6 млн сомду «жеп койгон» – аудиттин жыйынтыгы
- URL: https://im.kg/all/2022/05/12/ajyl-charba-ministrligi-17-6-mln-somdu-zhep-kojgon-audittin-zhyjyntygy/
- Published: 2022-05-12T14:00:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эсептөө палатасынын кезектеги жыйынында 2020-жылдагы Айыл чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет бекитилгенин палатанын маалымат кызматы билдирди.** 

Аудиттин материалдарында айтылгандай, жалпы суммасы **17 млн 553.2 миң сомдук** каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен эң негизгилери:

- эмгек акы төлөөдө кетирилген каржылык тартип бузуулардын суммасы – **11 млн 929.6 миң сом**
- эсептен жашырылган дебитордук карыздын суммасы – **502.7 миң сомду** түзгөн.

Мындан тышкары, 693.3 миң сомдук негизсиз пайдаланылган ашыкча күйүүчү-майлоочу материалдардын суммасы аныкталган. Бул негизсиз пайдаланылган **КММнын басымдуу көпчүлүгү министрликтин жетекчилиги тарабынан пайдаланылган.** 

Мамлекеттик сатып алууда процедуралык кемчиликтер көп орун алган жана сатып алууда конкурс өткөрүлбөстөн, **928.2 миң сомго** товардык-материалдык баалуулуктар сатылып алынган. 

Министрликтин борбордук аппаратына жана ага караштуу мекемелерге, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин балансындагы жалпы суммасы **2 млн 983.8 миң сомдук 5 даана атайын техникалар максатсыз пайдаланууга** жол берилген.

> Жогоруда көрсөтүлгөн каржы бузуулардын ичинен 246.3 миң сому гана аудит учурунда бюджетке кайтарылган.