> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын сүт рыногундагы негизги көйгөйлөр айтылды – чакан көлөм, талаптарга жооп бербейт
- URL: https://im.kg/all/2022/05/12/kyrgyzstandyn-s-t-rynogundagy-negizgi-k-jg-jl-r-ajtyldy-chakan-k-l-m-talaptarga-zhoop-berbejt/
- Published: 2022-05-12T11:43:09.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:40:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**10-майда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сүт рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.**

Жыйында чийки сүттү өндүрүү, аны малчылардан сатып алуудан баштап жана сүт өндүрүүчүлөр тарабынан кайра иштетүүгө чейинки чынжырча, көйгөйлүү маселелер, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

> Сүт рыногунун негизги көйгөйлөрү катары аны чогултууда **чакан көлөм, мамлекеттик стандарттардын сакталбагандыгы, техникалык шарттардын талаптарын сактабоо**, **сүттүн сапатын, майлуулугун аныктоодо сүт заводдорунун начар жабдылышы** айтылды.

«Сүттүн баасынын абалы сезондук мүнөзгө ээ жана көп жылдар бою жазында кайталанат. Бирок дайыма эле бул көйгөй чечилбей калып келет.

> Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын отурумунун жыйынтыгында, бир катар сунуштар даярдалып, Экономика министрлигине жөнөтүлдү», – деп билдиришти агенттиктен.

Чогулушка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын – Экономика жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле рыноктун түздөн-түз катышуучуларынын – чийки сүттү кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле малчылар жана фермерлер катышкан.