> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы январь-апрель айларында пландан 1.2 млрд сомго ашык салык чогултту
- URL: https://im.kg/all/2022/05/12/salyk-kyzmaty-yanvar-aprel-ajlarynda-1-2-mlrd-somgo-ashyk-salyk-chogulttu/
- Published: 2022-05-12T12:46:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 48 млрд 75.1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Бекитилген план 102.7 %га аткарылган же 1 млрд 244.8 млн сомго ашык чогултулган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар **18 млрд 293.5 млн** сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 161.4%ды түздү.